Имарат эки кабаттан туруп, 300 орундуу залды камтыган, административдик жана чыгармачыл жамаат үчүн иш бөлмөлөрү болот.
“Учурда Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өзүнүн имараты курулуп жатат. 4-декабрда “Манас” эпосунун күнүнө карата ачылышы болот деп күтүлүүдө.
Театрда Назаркул Сейдракманов, Табылды Актанов, Амантай Кутманалиев өңдүү залкарлардын, улуу көчтү улаган төкмө акын, дастанчы, манасчы, аспапчы жаш таланттардын көп болгону кубандырат.