Коом
200 миң доллар менен кармалган Талант Мамытов эки айга камакка алынды

Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси Талантбек Мамытов эки айга камалды. Бул тууралуу Баткен облустук соту билдирди.
Акча опузалоого шектүү 11-январга чейин Ош шаарындагы тергөө абагында кармалат.
Белгилүү болгондой, Талантбек Мамытов 23-ноябрда 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал «Мекенчил» партиясынын мүчөсү экени маалым.
Президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кеңешчисинин күнөөсүн тергөө аныктарын билдирди.



