Түндө Каракол шаарынын базарынан жашылча-жемиштерди уурдаган шектүүлөр кармалышты

Түнкү кызматты өтөп жаткан учурда, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери Каракол шаарында жайгашкан «Макиш» базарынан жашылча-жемиш салынган ящиктерди алып чыгып жаткан шектүү жарандарды байкашкан.
Милиция кызматкерлери аларды токтоосуз токтотуп, 43 жаштагы Каракол шаарынын тургуну И.М., Ак-Суу районунун жашоочулары 45 жаштагы С.Ж. жана 29 жаштагы Ж.М. болуп чыккан жарандарды суракка ала башташты. Күтүлбөгөн жерден кармалган жарандар жашылча-жемиштердин келип чыгышы жөнүндө түшүнүктүү жооп бере алышкан жок.

Кармалган жарандар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, алардан далил буюм катары 1 куту помидор, 2 куту хурма, 1 куту жүзүм, 1 куту мандарин жана 1 кап пияз алынган.
Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө бир сааттын ичинде жашылча-жемиштин ээси аныкталды. Ал облус борборунун тургуну, 47 жаштагы И.К. болуп чыкты.
Аталган факты Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.





