Президенттин катышуусунда кезектеги “Мурас” турнири башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги “Мурас” футболдук турнири башталды.

Мелдешке 16 команда катышууда. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.

Президент турнирдин башында куттуктоо сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.