Оор бут кийим, аз кыймыл варикозду күчөтөт

Дарыгер көп учурда көк тамырлар адам аз кыймылдаганда кеңейип кетерин айтат.

Флеболог Андрей Уфимцев Sputnik радиосуна курган маегинде варикоздун өрчүшүнө алып келген факторлорду тизмектеп, көк тамырлардын кеңейүүсүн алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.

Адистин айтымында, варикоздун күч алышына бир нече себептер бар, анын ичинен эң көп жайылганы – адамдын аз кыймылдашы.

“Кишиде кыймылдын күн сайын аз болушу венадагы кандын уюшуна алып келет. Мисалы күндү телевизор көрүп, столдо отуруп эле өткөрө берсек ушундай жагдай жаралат. Негизинен буттагы веналарга балтырдагы булчуңдар күч берет. Булчуңдар иштеген сайын андагы кан жүгүрүү жакшырат. Ал эми тамырларда кандын уюп калышы варикоздун пайда болушун шарттайт”, – деп түшүндүргөн Андрей Уфимцев.

Дарыгердин айтымында, мындай тобокелчиликтен активдүү кыймыл менен арылса болот.

“Жөн эле жөө басуу жетиштүү. Күнүнө үч-беш чакырым аралыкты басуу керек. Эгерде адам кеңседе отуруп иштесе саат сайын туруп беш мүнөттөн басып койгону оң, мындайда булчуңдар ишке киришип, венадагы кандын уюшун алдын алат. Ага шарты жок болсо отурган тейде эле буттардын жайгашуусун улам-улам алмаштырып туруу сунушталат. Ошондой эле таманды да ары берүү жылдырып, кыймылга келтирүүгө болот”, – деген флеболог варикозго май тамандуулук жана ыңгайсыз бут кийимдер да алып келерин кошумчалаган.

“Вена тамандан, андагы манжалардан башталат да, ошондуктан тамандагы кандайдыр бир мүчүлүштүк варикоз оорусун шартташы мүмкүн. Ал эми бут кийим ыңгайсыз, салмагы оор болсо буттагы кан тамырларга күч келип отуруп соңунда көк тамырлар кеңейип кетет”, – деп кошумчалады Андрей Уфимцев.