Коом

Ысык-Көлдө тергөө кызматынын жана сот органдарынын семинар-кеңешмеси болуп өттү

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгын тергөө кызматынын демилгеси менен Ысык-Көл областтык сотунун имаратында жарандардын укуктарын коргоо, жарандарды мыйзамсыз күнөөлөдөн жана эркиндиктерин мыйзамсыз чектөөдөн сактоо, ошондой эле тергөө өндүрүшүндөгү орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча облустун ички иштер органдарынын тергөө кызматынын жана сот органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен семинар-кеӊешме болуп өттү.

Семинар-кеӊешмеге төрагалык кылган Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков, тергөө өндүрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо, анда орун алып жаткан көйгөйлөрдү ачыка чыгаруу, бүгүнкү күндүн негизги актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи. Ошону менен бирге мыйзамда квалификациялуу тергөө өндүрүшүн жүргүзүү милдети жүктөлгөндүгүн жана мезгилдин талабына ылайык жигердүү болушу керектигин баса белгилеп, тергөө сапатынын бирдиктүү кесиптик стандарттарын, этика жана кесиптик маданиятты өнүктүрүү аспектилерин эске салды.

Семинар-кеӊешмеде сөз сүйлөгөн Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын тергөө боюнча орун басары Азамат Савыралиев, тергөө кызматынын негизги   милдети катталган    кылмыштарды тез жана толук ачууда, аларды жасаган жарандарды ашкерелөө жана кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуу, тергөө органдарынын түздөн түз милдети болуп саналарын белгиледи.

Анын айтымында, облустун ички иштер органдарынын тергөө кызматтары тарабынан кылмыш иштерин сапаттуу жана өз мөнөөтүндө тергөө боюнча бир катар жетишкендиктерге жетишсе да, бул багытта орун алып жаткан көйгөйлүү маселелер да жок эмес. Алып айтканда, 2023-жылдын жыйынтыгы менен   тергөөнүн кемчиликтерин жойу үчүн кайрадан тергөө органдарына 12 кылмыш иши кайтарылса, анын ичинен соттун кароосуна жиберилген 5 кылмыш иши кайтарылган. 3 кылмыш иши боюнча айыпкерлерге карата актоо өкүмү чыккан.

Семнар-кеӊешменин жүрүшүндө, тергөө жана сот өндүрүшүндөгү бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, анын кесепетинде коомчулук арасында сын пикирлер жаралып жатканын белгиленип, аталган жагдайларды жоюу боюнча сунуштар берилип кетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button