Мамлекет Нарын шаарын болуп көрбөгөндөй өзгөртүүнү пландап жатат

“Нарын — реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Анын алкагында Нарын шаарында 10 долбоорду ишке ашыруу пландалууда: 

▫️Сейил-Булак аймагына унаа көпүрө; 

▫️Жаңы автобекет, баасы 60 млн сом; 

▫️Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу, наркы 40 млн сом; 

▫️6 блоктон турган 9 кабаттуу “Теңир Тоо сити” турак жай комплекси;

▫️Ипотекалык турак жай;

▫️Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион коюлат, наркы 47 млн сом;

▫️Нарын дарыясына айнек асма көпүрө салуу; 

▫️Инновациялык креативдүү демилгелер борборун куруу;  

▫️Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;

▫️Жарандык коргоонун облустук штабын  уюштуруу.

Облус жетекчилиги курулуш иштери быйыл башталарын убадалады.