Ош шаарында туристтер үчүн “Босого” борбору ачылды

Ош шаарында туристтер үчүн “Босого” маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.

Борборго кайрылган туристтер:

кайсы жерлерге баруу керектиги;
мейманканалар;
гиддер жана логистикалык компаниялар;
даамдуу тамактануучу жайлар;
сим-карта алуу;
зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле маалымат үстөлдөрү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде жана “Манас” эл аралык аэропортунда ийгиликтүү иштеп келет.