Маданият

Бишкекте музыкалык мектеп-интернаттын жатаканасынын курулушу башталды

Бишкекте М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын жаңы жатаканасынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен катар мектеп-интернатта ремонт иштери кызуу жүрүүдө. Учурда имараттын жылытуу жана жана канализация системасынын авариялык абалдагы жерлери чекесинен оңдолуп, сырткы фасады жаңыланууда.

Ошондой эле окуу жайдын чоң концерттик залы жаңыланып, окуу процессине тиешелүү класстар жана иш бөлмөлөр оңдоодон өттү.

Мындан тышкары, окуучулардын коопсуздугун көзөмөлгө алуу максатында видео байкоо камералары орнота баштады.

Бул оңдоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына негизинде Президенттин иш башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button