ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Депутат Айбек Осмонов мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу тууралуу арыз берди.

БШКнын сайтында айтылгандай, Осмоновдун депуттук ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу маселе бүгүн саат 16:00до өтө турган жыйында каралат.

Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо аймагынан депутат болгон.

Эскерте кетсек, акыркы мезгилде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары «Райымбек Матраимов менен байланышы бар» деп айтылган депутаттар мандатын «тапшырып жатат». Буга чейин депутат Абдыбахаб Боронбаев, Нурлан Ражабалиев, Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимовдор мандатынан баш тарткан. «Матраимов менен байланышы бар» деп сөз ээрчип жүргөн депутаттардын катарына Айбек Осмонов да бар.

Ошондой эле депутаттык мандаттан Шайлообек Атазов да ажырап калышы мүмкүн. Жакында эле Бишкектин административдик соту 2022-жылдагы Свердлов шайлоо аймагы боюнча шайлоонун жыйынтыгы менен Абдурахман Муртазалиевди депутат деп таануу тууралуу чечим чыгарды. Азырынча чечим күчүнө кире элек.

2021-жылы Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган. Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button