Коом
Нарын облусуна 107,8 млн сом каржыланды

Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 82,7 млн сом өлчөмүндө каржыланган.
Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.
Алар:
- Теңдөөчү трансферт – 61,8 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3,3 млн сом;
- Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17,6 млн сом;
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен — 25,1 млн сом бөлүнүп берилди.



