Пайдалуу кеңештер

Кыргызстандык медиктер балдарга орозо кармоо сунушталбай турганын эскертти

Соңку мезгилде мектеп жашындагы балдар (7 жаштан 17 жашка чейин) арасында орозо кармоо көнүмүш адат болуп калды. Бирок дарыгерлер медициналык изилдөөлөргө таянып, бул практикадан баш тартууну сунуштап жатканын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Кыргызстандык дарыгерлер буга төмөнкүдүй жүйөлөрдү келтиришкен:

Ден соолукка таасири. Мектеп курагындагы балдар дене бой менен психиканын өсүшүнүн маанилүү этабында болот. Тамактануу жана уйку режимдеринин бузулушу ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Окуудан артта калуу коркунучу. Толук кандуу тамактануу менен уйкунун жетишсиздиги концентрацияны, көңүл бурууну жана окууга болгон жөндөмдү бир топ төмөндөтөт. Бул нерсе өз кезегинде окуудан артта калууну шартташы ыктымал.

Стресс жана кыжырдануу. Тамактануу менен уйкунун жетишсиздиги балдарда ашыкча кыжырдануу менен стрессти жаратат. Бул өспүрүмдүн эмоционалдык абалына терс таасир берет.

Иммунитеттин начарлашы. Балдар өз убагында тамак ичпей, уйкудан калганда иммундук система жабыркашы мүмкүн. Мындан улам балдар ар түрдүү инфекциялык ооруларга чалдыгып калуу ыктымалдыгы күч болот.

Суунун жетишсиздиги өмүргө коркунуч жаратат. Балдардын узак убакытка тамак менен суу ичпей жүргөнү алардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Андыктан чоң адамдын көзөмөлү сөзсүз керек.

Дарыгерлер ата-энелерге баланын ден соолугу биринчи орунда турарын эскертип, аларды туура тамактандырууга жана уйкусун көзөмөлгө алууга чакырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button