Коом

Ак-Суу районунда милициянын жана жергиликтүү тургундарынын жолугушуулары өтүп жатат — ФОТО

Коомдук коопсуздукту жана көрсөтүлүп жаткан сервистик кызматтардын сапатын жогорулатууга тынымсыз аракет кылуу максатында, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Денис Аманов, жергиликтүү тургундар менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. Бул жолугушуулар, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан аныкталган 10 приоритеттүү багытты ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Бул сапар жолугушуулар Каракол жана Хан-Теңири айыл округдарынын административдик аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда өттү. Жыйынга Ак-Суу районунун акими М. Насыров жана прокурору А. Ормошовдер катышышты.

Ачык жана ишенимдүү маанайда өткөн жолугушууда райондук милициянын башчысы жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен биргеликте коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, милиция менен коомчулуктун кызматташуусу боюнча ар кандай маселелерди талкуулады. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу жана коомдо коопсуздукту камсыздоо боюнча айыл тургундарынын ой-пикирлерине жана сунуштарына көңүл бурулганы маанилүү жагдай болду.

Денис Аманов мындай жолугушуулар мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен калктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги жолу болуп саналаарын, алар орун алган көйгөйлөргө ыкчам чара көрүүгө жана аларды чечүү боюнча натыйжалуу чараларды биргелешип иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Ак-Суу районунун тургундары менен өтүп жаткан бир катар жолугушуулар, жергиликтүү милициянын жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүнүн сапатын, коопсуздугун жана укук бузуулардын алдын алуу иштерин жогорулатууга туруктуу умтулуусун, ошондой эле бул максаттарга жетүү үчүн реалдуу жана конструктивдүү иш-чаралардын кабыл алынышын ырастайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button