Коом

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен спорт мектептеринин машыктыруучулары жаңы муундарды тарбиялоону талкуулашты

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Өспүрүм – түн» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө спорт секцияларында машыгып жатышкан жаш өспүрүмдөр, машыгуудан кийин, түнкүсүн ата-энесинин, же чоңдордун коштоосуз жүргөнү боюнча бир катар учурлары аныкталган.

Ушундан улам, Каракол шаарынын мэриясынын базасында облустук милициянын балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан балдар спорт мектептеринин машыктыруучулары менен жолугушуу уюштурулуп, анда спорт аркылуу жаш муундарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун орчундуу маселелери талкууланды.

Жолугушуу жаштарды спорттун баалуулуктарына жана мыйзамдарды сактоого негиздеген тарбиялоонун натыйжалуу ыкмаларын табууда укук коргоо органдарынын жана спорт коомчулугунун күч-аракетин бириктирүү максатын көздөдү. Ысык-Көл ОИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору спорт аркылуу балдардын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлактык принциптерин калыптандырууда кошкон салымы үчүн машыктыруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары, ошондой эле жүрүм-турум этикасы, адилеттиктин жана чынчылдыктын принциптери сыяктуу маанилүү маселелер көтөрүлдү. Иш-чаранын катышуучулары спорт аркылуу балдар менен өспүрүмдөрдүн позитивдүү баалуулуктарын калыптандырууга өбөлгө түзгөн тажрыйбалары жана алдыңкы ыкмалары менен активдүү бөлүшүштү.

«Бүгүнкү жолугушуу өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсү үчүн коопсуз жана жагымдуу шарттарды түзүү максатында спорт коомчулугу менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн тастыктады», — деп белгиледи жолугушуунун уюштуруучусу, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясынын улук тескөөчүсү Айзада Иманкулова.

Иш-чара аймактагы өсүп келе жаткан жаш муундарды адеп-ахлактык тарбиялоону күчөтүү максатында машыктыруучулар менен милиция кызматкерлердин ортосунда мындан аркы биргелешип иш алып баруу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашуулар менен жыйынтыкталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button