Коом

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттын көлөмү 20 млрд 445 млн сомду түзду

Бул тууралуу Финансы министрлигинин Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мамлекетке келтирилген зяындын ордун милдеттүү жана ɵз ыктыярдуу түрдɵ компенсациялоо акча каражаттары укук коргоо жана кɵзɵмɵлдɵɵ органдарынын депозиттик эсептеринде жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлетекттик органы катары КР Финансы министрилигинин депозиттик эсептерине которулуп, эсепке алынат.

Жогоруда айтылгандар,  Министрлер Кабинетинин атайын токтомдорунун негизинде ишке ашырылат жана кɵзɵмɵлдɵнɵт. Жалпылап айтып кеткенде, 2020-жылдан бери жана 2024-жылдын январь-февраль айларынын аралыгында депозиттик эсептерге 20 млрд 445 млн сом келип түшкɵн.

Анын ичинен 14 млрд. 145,10 млн. сом мамлекеттик бюджетке чегерилген, ал эми 6 млрд. 299,9 млн. сом Турукташтыруу фондуна которулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button