Коом

Ысык-Көл облусунда «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Жети-Өгүз РИИБдин ыкчам кызматкерлерине райондун аймагында белгисиз жаран Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан диний-экстремисттик уюм катары таанылган жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» уюмунун идеясын таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл ОИИБдин жана Жети-Өгүз РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ыкчам маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгү такталган. Ал, Ак-Терек айылынын 51 жаштагы тургуну А.А болуп чыкты жана анын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө бир катар адабияттар, ноутбуктар жана принтерлер табылып алынган.

Соттук-теологиялык экспертизасы, алынган адабияттын мазмунунда Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун идеялары бар экенин аныктаган. Мындан тышкары, кармалган жаран тыюу салынган экстремисттик уюмдун чакырыктарын социалдык тармактар аркылуу таратканы да айгиленген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаранга кылмышка шектүү катары айыбы угузулду. Райондук соттун чечими менен тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаранга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button