Коом

Россия президенти Гүлнара Клара-Самат жана Муратбек Азымбакиевди Достук ордени менен сыйлады

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара Клара-Саматты жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевди Достук ордени менен сыйлады.

Россия лидеринин жарлыгы РФ укуктук актылар порталында жарыяланды.

Белгиленгендей, сыйлыктар элчиге жана тышкы саясат бөлүмүнүн башчысына Россия менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн тапшырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button