Коом
10-октябрда «Ала-Тоо» аянтынын аймагында унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

10-октябрда «Ала-Тоо» аянтынын аймагындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:
- Чүй проспектиси — Эркиндик проспектиси;
- Чүй проспектиси — Панфилов көчөсү;
- Панфилов көчөсү — Пушкин көчөсү;
- Панфилов көчөсү — Абдумомунов көчөсү;
- Фрунзе көчөсү — Орозбеков көчөсү;
- Фрунзе көчөсү — Раззаков көчөсү;
- Эркиндик проспектиси — Абдумомунов көчөсү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, айланып өтүү үчүн башка жолдорду колдонууну өтүндү.



