Баңги тобу жок кылынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди таратуучу каналга бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзам жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен бирдикте Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына ооган тектүү баңгизатын ташып келүүчү туруктуу канал түзүп алган кылмыштуу топ жок кылынды.

Ошентип, 2024-жылдын 15-майында саат 20:00дө Ош шаарындагы К.Исаков атындагы көчөдө, мурун козголгон кылмыш иши менен атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1977-жылы туулган А.А. аттуу жаран айдап бара жаткан «Тойота Ипсум» автоунаасы текшерилген. Унаанын ичинде жүргүнчү катары баңги топтун экинчи мүчөсү 1973-жылы туулган А.А. Ш. аттуу жаран болгон.
Унааны текшерүү учурунда алдыңкы орундуктун алдынан кара түстөгү баштык табылып, ичинде сары скотч менен оролгон 2 даана брикет, 1 даана чет элдик тамгалар түшүрүлгөн желим баштык алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 1 кг 025 гр салмактагы «героин», 1 кг 948 гр салмактагы афган тектүү «гашиш» (чарс) болгон.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө 1977-жылы туулган А.А. жана 1973-жылы туулган А.А. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 96-беренесинин тартибинде кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.



