ИИМдин Күзөт кызматы менен Беларусиянын Күзөт департаментинин башчылары жолукту

Беларусь Республикасынын ИИМдин делегациясынын жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги Оролбек Акпаров Беларусь Республикасынын ИИМдин Күзөт департаментинин башчысы, милициянын генерал-майору Александр Шепелев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар стратегиялык маанидеги кайтаруудагы объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттешүү, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Келген конокторго ИИМдин Күзөт кызматынын “Санарип күзөт” борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан орто мектеп жана банк мекемесин айгай белгиси боюнча GPS-картасы, боди-камера менен камсыздалган кармоо топторунун тейлөөсү түз көргөзүлдү.
Иш-чаранын соңунда ИИМдин Күзөт кызматынын техникалык каражаттары, атайын каражаттар жана кармоо топторунун ар кандай шаймандары көрсөтүлдү.




