Коом

ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тергөөдөн жана соттон качып кеткендерди жана эл аралык издөөдө жүргөндөрдү табууга жана кармоого багытталган иш-чараларды улантууда.


Алсак, 2024-жылдын 28-майында ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Казакстан Республикасынын жана Монголиянын Интерполу менен биргелешип жүргүзгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында Улан-Батор шаарынан 1981-жылы туулган С.Б. кармашты.

Ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкты жасаганы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБи тарабынан изделип жаткан.
Кармалган жаран алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100.000 АКШ доллары суммасындагы акчасын ээлеп алган.
Шектүү 2023-жылы Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.
Кармоо иш-чарасы Интерпол тарабынан изделип жаткан жүргүнчүлөрдүн маалыматтарын өз убагында алууга мүмкүндүк берген API/PNR тутумунун жардамы менен ишке ашырылды.
Ошондой эле, 2024-жылдын 26-майында ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жана милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери санариптик технологиялар тутумунун жардамы менен Монголия Республикасынын Интерполу тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы (жашы жете элек кызды зордуктоо) үчүн издөөдө жүргөн жаран 1982-жылы туулган Б.Э. Бишкек шаарынан кармашкан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган адамдарды экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button