Коом

Прокуратура кызматкерлери Зулушевди кызматтан чепкен жаап узатышты

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди кесиптештери калпак кийгизип, чепкен жаап узатышты. Бул боюнча видео социалдык тармакта жарыяланды.

Прокуратуранын кызматкерлери 3,5 жыл бирге иштеген жетекчисин узатуу үчүн залга чогулуп, ыраазычылык айтып, унаасына чейин коштоп чыгышкан.

«Прокуратуранын аброюн бийикке көтөрдүңүз. Атыңыз тарыхта алтын тамга менен жазылат. Биз ракетадай тездик менен өнүгүп бара жаткандыктан көз тийди», — деп айтылат видеодо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button