Милиция баңгизат менен алектенген эл аралык топтун ишин аныктады

Ички иштер министрлигинин Интерпол борбордук бюросу Монголиянын Интерполу менен биргеликте ыкчам издөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында 1983-жылы туулган Г.У. аттуу жаранды Бишкек шаарынан кармашты. Ал 2022-жылдан бери Интерпол линиясы боюнча баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу, даярдоо үчүн издөөдө жүргөн.
Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, шектүү 2022-2023-жылдары эл аралык экспресс-кызматтын кызматын колдонуп, Түркияда үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте Стамбулдан Улан-Батор шаарына синтетикалык «кристалл метамфетамин» баңгизатын ташууну жөнгө салып алган. Монголиянын улуттук полиция агенттигинин Баңгизатка каршы күрөшүү департаменти тарабынан анын катышуусунда баңгизатты таратуу боюнча 100дөн ашык фактысы аныкталган. Маалыматка ылайык, шектүү Кыргызстанга баңгизатын сатуу каналдарын жөнгө салуу максатында келген. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аталган факты боюнча учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.



