Коом

Быйыл жыл башынан бери 13 миңден ашуун адам кызамыкка чалдыкты

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун маалыматына ылайык, 12-августка карай Кыргызстанда 13 076 адам кызамык илдетине чалдыккан. Акыркы айларда илдетке чалдыккандардын саны азая баштаган.

Мекеме оорунун басаңдаганына кызамыкка каршы эмдөөнүн активдүү жүргүзүлгөнүн жүйө келтирет. Маалыматка караганда, Таласта балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарында 76%, Баткен облусунда 72% эмдөөдөн өткөн.

Ошентсе да, кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында катталууда.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда быйыл кызамыктан (корь) эки жашка толо элек эки бала чарчап калды. Былтыр бул оорудан тогуз бала чарчап калган.

2023-жылы өлкөдө кызамык жуктурган 7 046 киши катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелердин түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы түрткү болгонун белгилейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button