Коом

Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата милиция кызматкери Ысык-Көлдү 16 чакырым сүзүп өттү

Кечээ, 2024-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери милициянын улук лейтенанты Улан Өмүралиев Ысык-Көлдү 16 чакырым сүзүп өттү.

Милиционер Кара-Талаа айылынан таңкы саат 05:45 сүзүп баштап, саат 14:30до Тору-Айгыр айылында ийгиликтүү аяктаган. Сүзүп өткөн суунун жалпы узундугу 16 чакырымды түзгөн.

Жээкте аны ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров, ИИМдин ведомстволук милиция полкунун командири милициянын полковниги Талант Райымбеков, Ысык-Көл облусу боюнча ички иштер бөлүмдөрдүн жетекчилери, өздүк курам, ата-энеси жана жакындары салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Милиция кызматкери Улан Өмүралиев бул ийгилигин Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнаганын баса белгиледи.
Ошондой эле колдоо көрсөткөндөрдүн баардыгына, анын ичинде демөөрчү болгон “Nomad sport” менен “RestART” компаниясына ыраазычылык билдирди.

Сүзүүнү Ысык-Көл облусунун ИИБдин Туристик-экологиялык милициясынын кызматкерлери коштоп жүрүшкөн.

Белгилей кетсек, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button