Окуялар
Баткенде таанышын атып өлтүргөн жаран, өзүнүн өмүрүн кыйды

Лейлек районунун 55 жаштагы тургуну Б.М. өзүнө ок атып көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ал ага чейин өзүнүн М.К. аттуу 51 жаштагы таанышын атып салган. 21-август күнү тойдон келе жаткан күйөөсү менен аялын токтотуп, 12 калибрлүү куралдан 2 жолу ок чыгарган. Ал алган жаракаттан көз жумду. Көп өтпөй Б.М.нын дагы сөөгү табылган.
Милициянын маалыматында экөөнүн ортосунда муртадан келишпестик болгону айтылат.



