Коом

Депутат: Онлайн-кредит боюнча алдангандардын жоопкерчилигин Улуттук банк алышы керек

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Данияр Төлөнов буга чейин Улуттук банк Кыргызстанда канча адам алдамчылык аракеттерине кабылганы тууралуу так жооп бере албаганын белгиледи.  

Депутаттын айтымында, алдамчылар айрым жарандардын персоналдык маалыматына ээ болуп алышкан.

Мындан улам депутат дагы бир жолу суроо узатып, Улуттук банктан бул боюнча кандай маалыматтары бар экенин сурады.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров мындай маалыматтар бар экенин белгилеп, алдамчылык боюнча арызданып ай сайын 300-500 адам кайрылып тураарын айтты.

“Бүгүнкү күндө 1000 чакты адам алдамчылардын курмандыгына айланган. Андан тышкары онлайн-кредит алууга байланышкан алдамчылык боюнча кечээ 2-3 арыз келип түштү, буга чейин да мындай арыздар бар болчу. Август айында ушул сыяктуу арыздар көбөйдү. Кененирээк маалыматты кат жүзүндө берейин”, — деди Аттокуров.
Мындай жооп депутатка жаккан жок.

“Сиз болжолдуу эле сандарды айтып жатасыз, так жооп жок. Кайсы 2-3 арыз тууралуу айтып жатасыз? 2-3 эмес, эки эсе көп болсо керек”, — деди.
Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары, 2-3төн арыз күн сайын түшөөрүн айтып тактады.

Депутат Төлөнов мындай нерселерге чара көрүүнү Жогорку Кеңеш Улуттук банкка июнь айында тапшырганын, андан бери эки ай өтсө да эч кандай жыйынтык болбогонун айтты.

“Жөн гана отурасыздар. Биз сиздерге онлайн-кредиттерди берүүнү токтоткула дегенбиз, эч нерсе жасабадыңыздар. Адамдар эмне кылаарын билбей калышты, банктар алар менен макулдашууга көнбөйт. Сиздер жоопкерчилик ала турган учур келди”, — деди эл өкүлү.

Аттокуров ММКларга алдамчылар тууралуу роликтерди таратуу менен иш аракеттерди көрүп жатышканын белгиледи.

Бирок депутат ага да канааттанган жок, ал алдамчылардан жабыркагандарга кандай жардамдар көрсөтүлгөнүн сурады эле, Аттокуров ИИМ менен биргеликте иштеп жүрүп жатканын билдирди.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button