Коом

Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилүүдө

5-сентябрга карата «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү. Анын ичинде: мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8 мин 301 субъектке, өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 424 млн сомго жалпы 1 миң 301 субъектке берилди.

Аталган долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банктары» катышууда. Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button