Депутат интернетте бирөөнү кемсинтип жазгандарга салынуучу айыппулду азайтууну сунуштады

Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында интернетте жалган маалымат тараткандарга жана бирөөнү кемсинткендерге салынуучу айыппулдун өлчөмүн азайтууну сунуштады.
«Эгер жаш бала интернетке атам мени эшек деди деп жазса, ата-энеси 100 миң сом айыппул төлөп калышабы?» — деп сурады ал.
Белгилей кетсек, аталган комитет Кодекске ЖМКларда жана интернетте жалган маалымат таратуудагы укук бузуулар боюнча кошумча берене киргизүүнү карады.
Депутаттын айтымында, мындай маселелерди Маданият министрлиги эмес, сот чечиши керек. Айыппул дагы азыраак суммада болууга тийиш.
«3-5 миң койсо болот, бул жетиштүү, ишенип коюңуздар. 100 миң сом жарандардын үч же төрт айлык маянасы», — деди ал.
Маданият министрлиги ЖМКларга жана интернетке жалган, ким бирөөнү кадырына шек келтирген маалыматты тараткандарга — физикалык жактарга — 100 миң сом, юридикалык жактарга — 200 миң сом айыппул салууну сунуштаган.



