Коом

УКМК: Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тактап айтканда, «Кылмыштардын бириктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган тергөө материалдарынын алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик балансына болжолдуу наркы 681 млн.сомдон ашкан курулуштары менен, 36 106 чарчы метр (3,61 га) аянттагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды.

Мындан тышкары, тиешелүү иштердин алкагында Кызыл-Кыя шаарынын аймагында аянты 3,5 га жер участогу белгиленген салыкты төлөөдөн качуу максатында укукту күбөлөндүрүүчү документти алууда чектеш аймактарга ээлик кылган жеке адам тарабынан мамлекеттик актыга киргизилген эмес. Андыктан баасы 280 млн. сом болгон жогорудагы жер тилкеси да Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.

КР УКМК мониторингди улантып, мыйзам бузуу менен менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин балансына кайтарып берүүнү улантат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button