Коом

Түлөбаев Айыл чарба министрлигине: Силер иштегиче менин депутаттык мөөнөтүм бүтүп калмай болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигинин ишине нааразы болду жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден бул министрликтин долбоорлор боюнча ишин көзөмөлгө алуусун суранды.

«УКМКдан башка министрликтер иштейсиңерби же жокпу? Милдетиңерди так аткаргыла да. Эгер долбоор алсаңар, аны жакшы подрядчиктер менен иштегиле. Мамлекеттик курулуш агенттиги түз багытта иштеп башталы. Айыл чарба ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, каналдарды оңдоо жаатында тез иштөөгө тийиш. Сиздер абдан жай иштеп жатасыздар. Үстүңөрдөн көзөмөл кылган орган жок, ошондуктан ушинтип маалкатып жүрөсүңөр», — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ирригациялык каналдардын бирөөсү үч жылдан бери курулуп бүтпөй келатканын эске салып, «ал аяктагыча өзүнүн депутаттык мөөнөтү бүтүп калаарын» белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button