Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Талапкерлерди каттоо качан аяктай тургандыгы белгилүү болду

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону утурлай, талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду.
Боршайкомдун маалыматы боюнча, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга дайындалган.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Шаардык жергиликтүү кеңештерге — саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине — саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга берилет.
Шаардык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу пропорционалдык системасы боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарынын шайлоосу мажоритардык системасы боюнча өткөрүлөт.



