Коом
Айдарбеков соцтармактарда адамды кемсинткен билдирүүлөрдү калтыргандар 100 миң сом төлөй албайт дейт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сунушталган мыйзам долбоору бүгүн тегерек столдо талкууланды. Анда депутат Чыңгыз Айдарбеков жалган маалымат таратканы жана бирөөнү кемсинткени үчүн салынуучу айыппулдун суммасы чоң экенин белгиледи.
«Мыйзам долбоорунда 200 миң сомго чейин айыппул салынат деп турат. Бизде айлык акы орточо 30 миң сом. Мындай сумманы кайдан алдыңар, белгисиз. Кыргызстандын жараны мындай чоң сумманы төлөй албайт», — деди депутат.



