Жарандын айлыгы канча экенине карабай, камсыздандыруу төлөмдөрү орточо айлык — 34 миңдин эсебинде төлөнөбү?

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевден: “Камсыздандыруу төлөмү өлкөдөгү орто эсептеги айлык акы – 34 миң сомдон кармалабы? Факт жүзүндө канча сом маяна алаары эсепке алынбайбы?” – деп тактады.
Буга Бактияр Алиев: “Ооба, тарифтер жөнүндө мыйзамда орточо айлык акы белгиленген” деп жооп берди.
“Ушуну акыйкаттуулук деп ойлойсуңарбы? Көптөгөн жарандар бул нерсеге нааразы. Мисалы, врачтын ставкасы 17 миң сом, бирок алар камсыздандыруу төлөмдөрүн 34 миң сом алып жаткандай төлөшөт, бул деген акыйкатсыздык да”, — деди Садырбаева.
“Бюджетке караган кызматкерлер, анын арасында врачтар жана мугалимдер факт жүзүндөгү айлык акысына жараша төлөшөт. Мен айтып жаткан норма бизнеске тийиштүү”, — деп белгиледи Алиев.
Бирок бул дагы депутатка жаккан жок. Ал: “Эмнеге мындай дискриминация? Бюджетти бизнес калыптандырып жатпайбы”, — деди.
“Август айында бизнес үчүн камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12,5 пайызга чейин азайтылган. Биз аларга тескерисинче жеңилдик бердик. Башкача айтканда мурда жумуш берүүчү 17 пайыз төлөсө, азыр жумушчу үчүн болгону 2 пайыз төлөйт. Мурда кызматкерлер мейли беш же 15 болсун, алардын санына карабай босого чеги болоор эле. Азыр ал босого чек алынып салынды”, — деп түшүндүрдү Алиев.



