Коом
Статком: Кыргызстанда калктын өсүү темпи жогорулоодо

2023-жылы калктын өсүү темпи 1,8 пайызды түздү, дүйнөлүк стандарттан алып караганда, бул көрсөткүч жогору деп эсептелинет. Бул тууралуу Улуттук статитиска комитети билдирди.
Анда айтылгандай, калктын эң жогорку өсүш темпи Баткен облусунда — 2,2 пайыз, Ош облусунда – 2 пайыз, Жалал-Абад облусунда – 1,9 пайыз, Нарын облусунда — 1,2 пайыз жана Ысык-Көл облусунда – 1,1 пайыз болду.
2024-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 7 миллион 162 миң адамды, иш жүзүндө 6 миллион 487 миң адамды түзгөн.
Туруктуу калктын үчтөн биринен көбү (34,9%) шаарларда жана дээрлик үчтөн экиси (65,1%) айыл жеринде жашашат. Калктын жыштыгы 1 чарчы километрге орточо 36 адамды түздү.



