Коом

Эсептөө палатасы: 2023-жылы 85 миллиард сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Примов Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылы кандай эреже бузуулар аныкталганына кызыкты.

Эсептөө палатасынын аудитору Вадим Садовниковдун айтымында, былтыр 85 миллиард сомдук мыйзам бузуу катталган. Ал бюджеттик мыйзам бузуулардын негизинде болгон, бирок анын баары уурдалды дегенди билдирбейт. «Айрым жерде каражат максатсыз колдонулган, кээ бир учурда макулдашылбаган чыгашалар болуп кеткен», — деди ал.

Ошондой эле, ал 2025-жылга бюджет максаттуу жана күчтүү түзүлгөнүн белгиледи.

«Бул долбоордун аткарылбай калуу коркунучу бар. Бирок жакшы нерседен үмүт кылалы», — деди.

Бирок финансы министринин орун басары Улукбек Календеров аталган министрлик коюлган планды аткараарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button