Коом
Кыргызстанда соцконтракттын 34 катышуучусу пайызсыз кредит алышты

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда бүгүнкү күндө социалдык контракттын 34 катышуучусу пайызсыз кредит алышты.
Эске салсак, буга чейин соцконтракттын катышуучуларына пайызсыз кредит берилери айтылган. Ал каражатты бизнесин колдоого, кеңейтүүгө жумшашат.
Ишкердик субъекти катары ишкердик демилгесин ийгиликтүү ишке ашырган жана 6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн тастыктаган документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алуу программасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Белгилей кетсек, алар 200 миң сомго чейин кредит ала алышат. Мөөнөтү — 3 жыл.



