Коом

Б.Ажикеев бийик тоолуу аймактарга тик учак менен жабдуулар жеткирилгенин айтты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абада жогорку деңгээлдеги операцияны ийгиликтүү ишке ашырды! Бул тууралуу ӨКМнын маалымат  борборунан билдиришти.

КР Өзгөчө кырдаалдар Бообек Ажикеев:

“Ми-8 МТВ-1 тик учагыбыз тышкы илинмеси менен 3750 метр бийиктиктеги Арстанбаптын жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу аймагына РПО РМТР үчүн салмагы 1 тонна болгон өндүрүштүк жабдууларды жеткирди.

Жогорку кесипкөйлүк менен ишке ашырылган бул операция авиациябыздын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Салмагы 4 тоннага чейинки жүктөрдү 5 миң метр бийиктикке жана өлкөнүн ар бир бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк жаралдууда.

Бул татаал тапшырманы тажрыйбалуу экипаж командирлери С.Садыков, А.Ашимов, бортмеханик С.Абдралиев жеринде техникалык колдоону авиациялык кызматынан инженер Эсенгул уулу Досумбек камсыздады.

Өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде бийик тоолуу жерлерде аткарылган мындай жеткирүүлөр мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилгенин билдирет», — деди министр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button