Коом

Балдар арасында пневмония менен бронхит көбөйүүдө

Акыркы жумада Кыргызстанда пневмония жана бронхит менен ооруган балдардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Альбина Исакова билдирди.

Анын айтымында, балдар арасындагы пневмония менен бронхит оорусунун көбөйүшү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болууда.

“Акыркы жумада Кыргызстанда пневмония жана бронхит менен ооруган балдардын саны эки эсеге көбөйдү. Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы өпкө оорулар бөлүмү 28 бейтапка гана ылайыкталган. Бирок, бүгүнкү күндө 40дан ашуун бала келүүдө. Буга байланыштуу биз жаңы бөлүмдү ачууга даярдануудабыз. Балдар арасындагы пневмония менен бронхит оорусунун көбөйүшү, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу.

Мындан сырткары, имунинетиттин түшүп кетиши да ооруга себеп болот. Анткени, азыркы балдардын мурдагыга салыштырмалуу имунитети төмөн. Анан дагы бир чоң көйгөй бул ата-энелердин өз алдынча дарылоо аракеттери. Анан албетте ковиддин кесепеттери оорунун күч алышына себеп болууда”, — деди дарыгер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button