Коом

Сүйүнчү! Ноокатта 3 эм уул төрөлдү

3-декабрь күнү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм ымыркайлардан жана эненин ден соолугунан кабар алды.

“Элибизде эгиз төрөгөн аялдарды касиеттүү деп аташат, ал эми сиз үч эмди төрөп отурасыз, бул жышаналуу касиетиңизди аздектеп, бөбөктөр элдин керегине жараган эр-азамат жана өмүрлүү болуусуна тилектешмин”, — деди. Өзүнүн резеврдик фондунун эсебинен 30 миң сом акчалай белегин тапшырды. Аны менен бирге Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы бөбөктөргө керектүү буюмдарды, кийим- кечектерди тапшырды.

Үч эм ымыркай 29-ноябрда жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлардын энеси 1999-жылы туулган Батырбек кызы Нуржамал. Буга чейин бир уулдуу болушкан. Ымыркайлардын үчөө тең эркек балдар. Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button