Коом

Темир Сариев ишкерлерге кайрылды

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси бизнесмендерди 31-декабрга чейин кирешелерин мыйзамдаштырып алууга чакырууда. 

«1-январдан тарта тиешелүү органдар тарабынан текшерүү күчөтүлөт. Андыктан мүмкүнчүлүк барда кирешелерди мыйзамдаштырып алган оң. Муну жасабаган жеке тараптар менен компаниялар кийин баары бир активдери менен кирешелерин ыңгайсыз шартта, көбүрөөк чыгым менен легалдаштырууга мажбур болот”, — деди Сариев. 

2023-жылы президент Садыр Жапаров «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамына кол коюп, активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартуу чечимин кабыл алган. Экономика министрлиги ноябрь айына карата Кыргызстанда 14 миңден ашык адам активин ыктыярдуу мыйзамдаштырганын билдирген. 

@admin

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button