Саясат

Садыр Жапаров менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мүлктү кайтаруу иштери уланарын айтты

▪️Завод-фабрикалар, ишканалар, жер тилкелер, имараттар жана стратегиялык объектилер кызмат ордун жана байланыштарын пайдалангандардын олжосуна айланып, мамлекетке эбегейсиз чыгым алып келген

▪️Натыйжада өлкө өзүнүн активдерин гана эмес, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн, жумуш орундарын жана билим берүү, саламаттыкты сактоо жана элдин башка муктаждыктарына жумшала турган миллиарддаган долларлык кирешелерин жоготкон

▪️Буга чейин уурдалган мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдөбүз. Бул иш дагы уланат

▪️УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын мындай аракеттери бардыгына эле жага берген жок. «Менчиктин укугу бузулууда, ишкерликке тоскоолдуктарды жаратууда» деген шылтоолорду элге жайылткандар болууда. Алар мыйзамсыз ээлеген байлык-мүлктөрүнөн ажырагандар экенин жакшы билесиздер

▪️Өлкөнүн мүлкү айрым ач көз адамдардын эмес, жалпы мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына иштеши керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button