Окуялар
Бишкекте классташ баласы чаап жиберген. 15 жаштагы кыз көз жумду

Бишкектеги №31 мектепте 7-класстын окуучусу көз жумганын Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сабак учурунда 7-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы бала 15 жаштагы кызды чаап жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготкон.
«Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, дарыгерлер келгенде кыздын үзүлгөнүн тастыкташкан», — деп жазылат кабарда.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайлар аныкталып, ар тараптуу юридикалык баа берилери кошумчаланды.



