Коом
Кыргыз мамлекеттик цирки 410 миң сомго жаныбарларын сатыкка койду

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки жаныбарларын сатыкка койду. Тиешелүү жарлык «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланган.
Анда жаныбарлардын сатылуу себеби түшүндүрүлгөн эмес.
Сатыкка коюлган жаныбарлар:
4-5 жаштагы эки төө — 90 миң сомдон;
4 жаштагы эки топоз — 35 миң сомдон;
8 жаштагы эчки — 20 миң сом;
9 жаштагы чүткөр — 50 миң сом;
5 жаштагы енот — 50 миң сом;
5-6 жаштагы төрт — 10 миң сомдон.



