Маданият

Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” IV эл аралык фестивалы башталды

Ысык-Көлдүн жээгинде “Мейкин Азия” IV эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Салтанаттуу кечеге катышкан Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жергесинде өткөрүлүп жаткан IV эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын ачылышы менен баарыңызды чын дилимден куттуктайм. Кыргызстандын жүрөгү болгон Ысык-Көл — бүгүн бүтүндөй Азия үчүн руханий борборго айланып турат. Биз маданиятты, өнөрдү жана өнөктөштүктү жогору коюп келебиз. “Мейкин Азия” фестивалы да ушул асыл максаттарды ишке ашырып, жаңы таланттарга жол ачып келет” — деди ал.

Ачылыш аземден кийин 25 өлкөдөн келген артисттер сахнага чыгып өз таланттарын тартуулашат.

Фестивалдын биринчи күнүндө кыргызстандык белгилүү аткаруучулар:

Jax 02.14, Freeman 996, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, ERA, жана “Номад” триосунун мүчөлөрү Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Минжашар Мурзаев өздөрүнүн жандуу аткаруулары менен кеченин программасын жыйынтыктайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button