Коом
Кыргыз фильм: 2026-жылга сценарийлерге сынак жарыялады

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 2026-жылга карата тематикалык планды түзүү үчүн кыска жана толук метраждуу көркөм тасмалардын сценарийлерине сынак жарыялады.
Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сынакка сценарийлер кыргыз тилинде гана кабыл алынат. Ага киносценаристтер жана драматургдар катыша алышат. Бир автордун оригиналдуу чыгармалары, башка чыгармалардын негизиндеги сценарийлер, ошондой эле биргелешкен эмгектер да кабыл алынат.
Документтерди тапшыруу 10-сентябрда башталып, 10-октябрда аяктайт.



