Дүйнө
Трамптын кортежинин айынан Макрон Нью-Йоркто жөө басууга аргасыз болду — ВИДЕО

Нью-Йорктун полициясы БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко келген Франциянын президенти Эммануэль Макрондун кортежин токтотту. Видео социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында пайда болду.
АКШ президенти Дональд Трамптын кортежинен улам жол тосулуп калгандыктан, полиция Макрондун кирүүсүнө бөгөт койду. Эммануэль Макрон маселени Трампка телефон чалып чечүүгө аракет кылды.
Макрон АКШ президентине: «Мен сыртта күтүп жатам, анткени силер үчүн баары жабык»,- деди Эммануэль Макрон.
Бирок чакырык ийгиликсиз болуп, француз лидери жөө басууга аргасыз болгон.



