Коом
2026-жылдагы ажылык сапарына бара тургандар өздөрүн электрондук тизмеден көрө алышат

2026-жылдын ажылык сапарына баруу үчүн Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандар боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, эми зыяратчылар аймактык операторлорго толук катталып, керектүү документтерди тапшырышы керек. Андан кийин бирдиктүү электрондук тизме түзүлөт. Анда 2026-жылы ажылык сапарга баруу укугу кимге берилгени жана кимдердин кезекте турганы көрсөтүлөт.
Бул маалымат 2025-жылдын 23-сентябрь күнү Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга гана тиешелүү экени баса белгиленет.



