Коом

ЖКККББ айдоочуларды унааларын кышка даярдоого чакырып, автобус жана бустарга 1-майга чейин чектөө киргизди

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унааларын кышкы мезгилге даярдоого чакырат.

ЖКККББ бардык айдоочуларга, өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактарга каттаган жарандарга, кыш мезгилине байланыштуу төмөнкү чараларды өз убагында көрүүнү эскертет:

-Унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы абалга ылайык алмаштыруу;

-Кыймылдаткыч майларын өз мөөнөтүндө жаңылоо;

-Унаанын жалпы техникалык абалын текшерүү жана кышка даярдап коюу.

Ошондой эле, 2025-жылдын 15-октябрынан тартып 2026-жылдын 1-майына чейин Ош–Бишкек багыты боюнча жүргөн жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук унаалардын (автобустар, маршруттук унаалар) кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Бул мезгил аралыгында:

-Коомдук транспорт “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө жайынан өткөрүлбөйт;

-Техникалык абалы талаптарга жооп бербеген жеке унааларга да каттоого уруксат берилбейт.

Бул чаралар кыш мезгилинде жол кырсыктарынын санын кыскартуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды.

ЖКККББ бардык жарандарды жоопкерчиликтүү болуп, унааларын алдын ала кышкы мезгилге даярдоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button