Коом

Үй-бүлөлүк чыр-чатак өлүм менен аяктады

Чүй облусунда аялдын өлүмүнө шектелип 63 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу кечээ, 2-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, 1-ноябрда  Москва райондук силициясынына Бала-Айылчы айылында киши өлтүрүү фактысы катталганы боюнча маалымат түшкөн. Анда 1962-жылы туулган Э.С. аттуу жаран мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнүн жубайы, 1976-жылы туулган Ж.Н.ны ок атуучу курал менен атып салган. Натыйжада ал алган жараатынан ошол жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button